Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Министрлик: Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине терс таасир этет

10.08.2020 13:55
1246
Министрлик: Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине терс таасир этет


Аз кыймылдуулук жүрөк-кан тамыр системасынын ишине тескери таасир этет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 


Маалыматка караганда, жүрөк жыйрылуусунун күчү бошоңдоп, кан тамырлардын тонусу кыскарып, эмгекке болгон жөндөм төмөндөйт. Мындай шартта, жүрөк кара күчтү талап кылган көнүгүүлөрдү баштагысындай аткара албай калат жана жүрөк-кан тамырлары серпилгичтүүлүгүн жоготот. 


"Аз кыймылдуулуктун кесепети болуп май басуу жана атеросклероз саналат. Букторлордун бардыгы артериалдык гипертония, инфаркт, инсульт ооруларын пайда кылып, өмүрдүн кыскарышына алып келет", - деп айтылат маалыматта. 


Такай жасалуучу жана кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөр:


- Жүрөк булчуңдарындагы кан айланууну жакшыртып, артериалдык кан басымын жөнгө салат; 

- Майлардын тери алдындагы клетчатка же кан тамырларда чогулуусуна тоскоолдук кылат;

- Стресс жана кыжырдануулардан арылтат. 


"Дене көнүгүүлөрүн таза абада жумасына 3 жолу 30 мүнөттөн жасоо сунушталат. Кара күчтү талап кылуучу көнүгүүлөргө сууда сүзүү тез басуу, велосипед тебүү, бий, ошондой эле велотренажердо жана "чуркоочу жолдо" машыгуулар кирет", - деп айтылат маалыматта. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн