Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн маалымат берип жатып, кечээ, 2-майда коронавирустан каза тапкан №3 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Жүзүмкан Кокумбаеванын жакындарына көңүл айтты.
Анын айтымында, Ж.Кокунбаева Нарын облусунда туулган, медицина тармагында 30 жылдан ашык эмгек кылган. Өзүнүн кызматтык милдетин так аткарчу. Медицина илимдеринин отличниги эле. Өзүнүн профессионалдыгы менен айырмаланып, өз тажрыйбасын көптөгөн дарыгерлерге калтырып кетти.
“Ушундай кесиптешибизден айрылып, абдан өкүнүчтүү болуп турат. Министрликтин, өзүмдүн жана жалпы медицина кызматкерлеринин атынан маркумдун жакындарына көңүл айтам”, - деди А.Акматова.
Ошондой эле ал COVID-19 инфекциясынан Жалал-Абад облусунда каза болгон бейтаптын жакындарына көңүл айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн