Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 09:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Министрлик оң рулдуу унаалардын тетиктерин четтен алып келүүгө тыюу салууну сунуштады

05.07.2021 13:47
686
Министрлик оң рулдуу унаалардын тетиктерин четтен алып келүүгө тыюу салууну сунуштады

Санариптик өнүктүрүү министрлиги оң рулдуу автоунааларды кураштырган, жаңылаган тетиктерди сырттан алып келүүгө тыюу салууну сунуштады.


Министрлик 2015-жылы оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганда, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды ташып келүүгө чектөө киргизилбегендигин белгилейт.


Мыйзамдагы бул жагдайдан улам оң рулдуу автоунааларды кураштырган тетиктер өлкөгө тоскоолдуксуз алып келинүүдө.


«Бул норманы оң рулдуу унааларды жаңыртуу үчүн пайдаланышууда. Анда кузовду алмаштырууга уруксат берилген. Ошону менен бирге иш жүзүндө каттоо учурунда эски транспорт каражатын каттоо документтерине жаңы машинанын маалыматтары киргизилип колдонулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен токтомго өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты«, — деп жазылган документте.


Мындан улам руль оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына жаңы кузовдорду орнотууга, мурда жарактан чыккан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.


Чечим коммуналдык чарба, айыл чарба, жолдорду курууга (күтүү) пайдаланылган (автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, чачып, жууган машиналар) жана өкмөт тарабынан аныкталган транспортторго тиешеси жок экендиги айтылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мирбек
Кандайдыр бир деңгээлде керектүү мыйзам. Бирок бүгүнкү күндө эртелик кылат бул мыйзамды кабыл алууга. Себеби өзүбүздө авто машина чыкпагандан кийин. Тескерисинче орустардын 70-80 жылдары чыккан же ошол кездеги үлгүдөгү машиналарды киргизүүнүн оордуна Европа же Япония өлкөлөрүнүн унаалары болгону жакшы эмеспи. Техникалык сапаты, ыңгайлуу жана шаар ичинде жүргөнү тың. Министрликтин башка өлкөнүн техникасын ойлобой өзүбүздүн улуттук авто өндүрүштү ойлонгонго убакыт келди го.