Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Минкаб Кыргызстанда чыккан аракка эң төмөнкү бааны коюуну сунуштоодо

05.09.2023 11:40
892
Минкаб Кыргызстанда чыккан аракка эң төмөнкү бааны коюуну сунуштоодо


Министрлер кабинети Кыргызстанда чыккан аракка эң төмөнкү бааны коюуну сунуштап жатат.


Бул боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.


2024-жылдан тарта жарым литр арактын дүң баасы 156 сом, ал эми чекене сатканда 158 сом болушу мүмкүн. Бийлик ушундай жол менен бааны жөнгө салуу ниетинде.


Экономика министрлиги контрафактылык арак рынокто 120 сомдон (жарым литри) сатылып жатканын билдирди. Республикалык бюджет мындай мыйзамсыз товар айлануудан миллиарддаган сомдорду жоготуп, ал эми калк сапатсыз, арзан товарды алам деп ден соолугу менен өмүрүнө кооптуулук жаратып алууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн