Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда (КИИИ) болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алды.
Минкаб башчысы түзүлгөн кырдаалдын себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев КИИИ ишин тез арада калыбына келтирүү жана бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, Бишкекте Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратынан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылган. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар болсо, ал эми 44ү дарыгерлер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн