Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 21:14
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Минкаб төрагасы Ош облусундагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

24.01.2025 12:58
257
Минкаб төрагасы Ош облусундагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. 


Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат.


Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Мындан тышкары, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.


Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай курулуш механизминин алкагында берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн