Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 05:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Мирбек Атабеков 2 кислороддук аппарат алууга акча которду

02.07.2020 12:31
2255
Мирбек Атабеков 2 кислороддук аппарат алууга акча которду


Белгилүү ырчысы Мирбек Атабеков эки кислороддук аппарат сатып алууга акча которду. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасы аркылуу жолдогон кайрылуусунда айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстандын бай адамдарын да кайдыгер калбоого чакырган.

«Адыл мырза 70ке жакын кислороддук аппарат сатып алууга каражат чогултуптур. Алар азыр буйрутма кылып жатышат. Биз Кыргызстанга 2000ден ашык аппарат алып келе аларыбызга мен ишенем. Кыргызстанда 100 миң эмес, 100 миң доллар бөлүүгө кудурети жеткидей байлар көп. Мындай оор абалда жарандарга жардам берип коюңуздар, байкелер. Өзүмдүн атымдан эки кислороддук аппарат сатып алууга каражат жибердим. Мындай оор абалда биз биримдик менен гана бул ооруну жеңебиз», - деди Атабеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн