Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мирбек Кожоев Түптөгү жеке балык чарбасын көрүп чыкты

25.11.2021 14:33
4090
Мирбек Кожоев Түптөгү жеке балык чарбасын көрүп чыкты



Бүгүн, 25-ноябрь күнү Түп районунун Күрмөнтү айылындагы “ЭКО-ФИШ Ысык-Көл” жеке балык чарбасына облус башчысы Мирбек Кожоев жана район жетекчиси Каныбек Адиев барды.  Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


"Анда облус жетекчиси балык чарбанын иши менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Мирбек Кожоев жеке ишкерлерди колдоо максатында район жетекчиси менен айыл өкмөт башчысына көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүсүн тапшырды.


Андан сырткары облус башчы мындай садковый пруддарды жайылтуу менен Ысык-Көл облусундагы балык чарбаларын өнүктүрүү планы болуп жатканын айтып өттү. Андыктан бул чарбанын мисал кылып алса болоорун белгиледи",- деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, “ЭКО-ФИШ Ысык-Көл” жеке балык чарбасы 6 жыл мурун түзүлгөн. Ал Күрмөнтү айылында көл жээкте садковый пруд түрүндө балыктарды өстүрүп келет. Учурда балыктын “Карп” жана “Форель” түрлөрүн өстүрүп, жакынкы ички базарларга сатып келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн