"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров партиядан чыгуу тууралуу арыз жаза элек. Бул тууралуу аталган саясий уюмдан кабарлады.
"Мирлан Бакиров "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан чыгуу боюнча расмий арыз менен кайрылбагандыгын билдиребиз”, - деп айтылат аталган партиянын билдирүүсүндө.
Буга чейин Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болуп шайланганы маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн