Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 18:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Мирлан Самыйкожо: Болоттун кылыгы чок баскандай чоң кылмыш эмес

10.11.2022 10:10
2720
Мирлан Самыйкожо: Болоттун кылыгы  чок баскандай чоң кылмыш эмес

Болот акын жөнүндө сурап жатасыңар. Бир нерсе дейин десем аныгын билбей турдум. Билип-билбей айтууга да болбойт болчу. Сураштырсам, Болот инибиз эргип кетиптир. Аргымак кыргыз жигитинин канын дүргүтүп, канат болуп калат да. “Тойдо кыз жоголот” деген сөз сыңарындай эле болуптур. Уурдай качыптыр дегенге болбойт! Чабандес менен сүйлөшүп, саяпкерче аргымак сырын сурашып минип кеткенин өз видеосунда деле айтып жатат. 

Бирок, бийлик кылды деп да билек түрүнүп алганыбыз чекилик. Жөн жерден куру доомат кылуу туура эмес болуп калат. Бул оюбуз дагы Боке минген аргымактан күлүк болуп кетиптир. Ал эми Болоттун кылыгы деле чок баскандай чоң кылмыш эмес! Ар түрдүү бурмалабай чыгармачыл адамды туура түшүнүп коюңуздар.

 

Болотту “повод» кылып дагы бир жолу пайдалана калгысы келгендер туура эмес кылып жатасыңар! Ансыз деле жакшынакай жаш акындын тагдырына так салып койгонуңар жакшы болгон эмес!!!


Мирлан Самыйкожо, Жогорку Кеңештин депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн