Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мирзиёев Александр Лукашенконун Өзбекстан Казакстандан сабак алышы керек деген сөздөрүнө жооп кайтарды

14.01.2022 09:01
2084
Мирзиёев Александр Лукашенконун Өзбекстан Казакстандан сабак алышы керек деген сөздөрүнө жооп кайтарды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Беларус президенти Александр Лукашенконун ЖККУнун өлкө башчыларынын онлайн саммитинде айткан сөздөрүнө жооп берди. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.


13-январда өзбек президенти коопсуздук кеңешин өткөрүп, анда Өзбекстандагы коопсуздук маселесин талкуулаган.


"Жакынкы күндөрү ЖККУнун өлкө башчыларынын жыйынында бир президент Казакстандагы окуядан эң биринчи Өзбекстан сабак алыш керек деп далилсиз жана чындыкка коошпогон сөз сүйлөдү. Биздин өлкөдө коопсуздук камсыз кылынган",- деди Мирзиёев.


Эскерте кетсек, 10-январда ЖККУ өлкө башчыларынын онлайн саммитинде Александр Лукашенко Казакстандагы абалдан эң биринчи Өзбекстан сабак алыш керектигин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн