Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мишустин Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады

14.10.2021 08:41
800
Мишустин Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.


Ал белгилегендей, Россия Федерациясын жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.


«Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат куттукоо катында.


Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн