Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мыйзам долбоорун депутаттар колдоду. “Керемет банктын” акцияларын минкаб сатып алат

12.02.2024 17:18
199
Мыйзам долбоорун депутаттар колдоду. “Керемет банктын” акцияларын минкаб сатып алат


Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Министрлер кабинети тарабынан “Керемет банк” ачык акционердик коомунун акциялар пакетин Улуттук банктан сатып алуу жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.


Документте министрлер кабинетине Улуттук банкка тиешелүү болгон «Керемет Банк» ААКсынын акцияларын 7 миллиард 126 миллион 432 миң сомго (Керемет Банктын таза капиталынын 100 пайызынын 97,45 пайызы) сатып алуу сунушталууда.


Министрлер кабинети артыкчылыктуу тармактарды кредиттөө жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейте турган активди алууну күтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн