Күн мурун Молдовада парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында президент Майя Сандунун башкаруучу партиясы жеңишке жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда шайлоо участкаларынын 99,5% добуштары саналып бүттү. Анын жыйынтыгында “Аракет жана тилектештик” партиясы 49,9% добуш алып, алдыга чыкты.
Андан кийинки орундарды төмөнкү партиялар ээледи:
- Патриоттук шайлоо блогу - 24,28%
- Альтернативдик блок - 7,9%
- Биздин партия) - 6,2%
- Оңчул “Үйдө демократия” партиясы - 5,6%
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 101 мандаттан турган жаңы парламент түзүлөт. Андан кийин Молдованын президенти премьер-министрликке талапкерди сунуштап, өкмөттү калыптандыруу жараяны башталат. Өкмөт курамын парламент бекитиш керек.
Буга чейин президент Майя Санду элге кайрылуусунда өлкө парламенттик республика экенин эскертип, “Молдованын тагдыры мыйзам чыгаруу органы аркылуу чечилет” деп белгилеген.
Анын айтымында, эгер парламентти демократиячыл күчтөр түзбөсө, Евробиримдикке интеграция планы коркунучка кабылышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн