Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Момбеков депутаттарды 99 дарыгерге вирус жуктурган өкмөткө жан тартпоого чакырды

15.04.2020 15:46
1036
Момбеков депутаттарды 99 дарыгерге вирус жуктурган өкмөткө жан тартпоого чакырды


Бүгүнкү күндө өкмөттүн шалаакылыгынан 99 дарыгерге коронавирус илдети жугуп отурат, деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында.


Кээ бир урматтуу эмес депутаттар 99 дарыгерге вирус жуктуруп алып өмүрү менен күрөшүп жатканда ушул өкмөткө жан тартып жатышат. Азыркы абалды иликтөө боюнча комиссия түзүп жатасыздар, уят эмеспи. Комиссия иликтей тургандай ал такталбаган жер беле. Ооруп жаткан дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратып, саясатташтырып жатаңыр. 200 миң сом кенемте беребиз деп атасыздар, бул кенемте эмес келеке”, - деди Момбеков.


Ал эми ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов илдеттин очогу катталган ар бир жерде комиссия иликтөө иштерин жүргүзүшү керектигин, дарыгерлерге эмне себептен жугуп атканы иликтөөгө алынышы керектиги билдирди.


Азыр биз күнөөлүүнү издебей, коронавирусту токтотууга аракет кылышыбыз керек. Туура эмес түшүнүктөр менен ар кандай маселе чыкты. Жалган маалымат тараткандар жазасын алат. Коронавирусту биринчи токтотуп алалы, күнөөлүүлөр эч жакка кетпейт”, - деди биринчи вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн