Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: БШКга дагы 3 талапкерден арыз келип түштү

20.03.2024 11:06
969
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: БШКга дагы 3 талапкерден арыз келип түштү


КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1970-жылы туулган Эргешов Толкуа Турдукуловичтен арыз түшкөн. Ал арызында учурда Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаарын белгилеген.

Ал эми бир мандаттуу Баткен шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде 1992-жылы туулган Мадалиев Асылбек Алтымышовичтен жана 1984-жылы туулган Шадыманов Бакытбек Адылбековичтен арыздар түшүп, алар депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирген.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн