Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Москва районунда апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Москва районунда апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


Москва районунда апасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


15-январда Москва РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө киши колдуу болгон 1977-жылы туулган С.А.нын уулунан билдирүү түшкөн. Анын айтымында, С.Т.нын 1952-жылы туулган апасы жүрөгү токтоп каза болгон.


Бул факт РИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.


Аялдын денесин кароо учурунда анын денесинде көптөгөн жаракаттар табылган.


Топтолгон материалдардын негизинде тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.


Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран С.А. мас абалында апасынын денесине жашоого туура келбеген бир нече жолу жаракат келтирип, жоопкерчиликтен качуу максатында эненин денесиндеги жаракаттар жыгылып кетүүдөн улам деп калп айтып, милиция кызматкерлерин адаштырууга аракет кылган.


15-январь күнү кылмышка шектүү С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн