Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада мурда сүйлөшкөн кызынын сүрөттөрүн жарыялап жиберем деп бир нече айдан бери акча талап кылган жаран кармалды

04.05.2023 15:24
744
Москвада мурда сүйлөшкөн кызынын сүрөттөрүн жарыялап жиберем деп бир нече айдан бери акча талап кылган жаран кармалды

Москва шаарында кыргызстандык жаран акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-апрелинде 21 жаштагы кыз мурда сүйлөшкөн жигитине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Ал арызында мурда сүйлөшкөн жигити анын жеке сүрөттөрүн интернетке жарыялайм деп коркутуу менен 2022-жылдын ноябрь айынан бери акча талап кылып келген.

Ал 2001-жылы төрөлгөн Чүй облусунун Д.Р. аттуу жаранына 66 миң сом которгон.


Арыздын негизинде 28-апрелде Д.Р. акча алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн