Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Муфтий Замир Ракиев Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушту

08.07.2022 10:20
352
Муфтий Замир Ракиев Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушту


Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Теңгиз Бөлтүрүк муфтийди келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ал эми Замир кары Ракиев «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, муфтияттын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

«Теңгиз Бөлтүрүк Курман айттын алдында барып курап окутту, курмандык кылды. Муфтиятка кандай жардам керек болсо беребиз деди», - деп кошумчалады «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн