Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтият: Садака-битирдин экинчи этабында 90 адамга жардам көрсөтүлдү (фото)

19.06.2020 14:57
1342
Муфтият:  Садака-битирдин экинчи этабында 90 адамга жардам көрсөтүлдү (фото)


Элден чогулган садака-битирди таркатып берүүнүн экинчи этабында 90 адамга жардам берилди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы садака-битирден 9 595 528 сом жыйналыган. Бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы (4, 790 804 сом) жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы (944 020 сом) облустук казыяттарда калган.

 

Кечээ, 18-июнда жыйналган каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берген.

 

Жардамга муктаждар үч топко бөлүнүп каралган:

 

1. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга 2500 сом, 10 килограмм ун; 

2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2000 сом, 10 килограмм ун;

3. Батирде турган, социалдык абалы начар жарандарга 1500 сом, 10 килограмм ун өлчөмүндө көмөк көрсөтүлгөн.

 

Маалыматка таянсак, бул жылы КМДБга садака-фитир алуу үчүн 500дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга жардам берилген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн