Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Муфтият мушкер Физиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

14.10.2021 14:02
1310
Муфтият мушкер Физиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы UFC мушкери Рафаэль Физиевдин муфтиятка карата айткандары тууралуу комментарий берди. Диний башкармалыктын позициясын мекеменин маалымат катчысы Максат Атабаев "Sputnik Кыргызстан" радиосуна билдирген.


Анын айтымында, мушкердин айткан нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жок.


"Физиевдин айткандарына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эч кандай тиешеси жок. Муфтият кимдир бирөөнү коркутуп-үркүтүү менен алектенбейт. Өзүнүн уставдык миссиясы бар, ошонун негизинде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, агартуучулук аракеттерин көрүп келет. Маселен, учурда эң актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө, ысырапкерчилик жана ислам дининин баалуулуктарын жайылтуу менен алектенет. Физиевдин муфтиятка карата айткан сындарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы туура эмес деп эсептейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн