Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мугалим адепсиз аракети үчүн камакка алынды

08.01.2021 13:13
521
Мугалим адепсиз аракети үчүн камакка алынды

Бишкекте милиция кызматкерлери жашы жете элек балага карата адепсиз аракеттерди жасаган деп шектүүнү кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 4-январда Октябрь райондук милиция бөлүмүнө С.Ж.  аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал И.А.аттуу жаранга 15 жаштагы балага жасаган адепсиз аракети үчүн чара  көрүүнү суранган. 

«Бул иш бирдиктүү реестрге катталган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери 36 жаштагы И.А. аттуу жаранды кармаган.Ал Бишкек шаарындагы СИЗОго эки айга камалды », - деп белгилешти РИИБден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн