Интернет айдыңында сентябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы кайра төмөндөйт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин 30-апрелдеги токтому менен мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлгөн.
Министрлик билдиргендей, мугалимдер сентябрь айында да азыркыдай маяналарын 80 пайызга көтөрүлгөн абалда ала берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн