Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мухаммедкалый Абылгазиев базарларды, соода түйүндөрүн кыдырды

16.03.2020 09:55
713
Мухаммедкалый Абылгазиев базарларды, соода түйүндөрүн кыдырды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты. 

Анда Мухаммедкалый Абылгазиев сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашты. 


Ташуучулар менен сатуучулардын маалыматы боюнча, товарларды импорттоо, алардын номенклатурасы жана запасынын көлөмү боюнча өзгөчө маселе деле жок экени, бирок, кардарлардын айтымында, мурдагы күндөрү ашыкча мүнөздөгү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу айрым топтогу товарлардын наркы көтөрүлгөн.


Жолугушууда Премьер-министр бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

«Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө  чакырам. Бизде коронавирус инфекциясы катталган жок, бирок бул кырдаалдан пайдаланып, кызыкчылыгына жетүүнү каалагандарга азгырылбаш керек. Түзүлгөн абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет, - деген Мухаммедкалый Абылгазиев - Дүкөндөрдүн текчелери бош калбай. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү, тынчсызданууга негиз жок. Болгону жагдайдан пайдаланып, товарларды кымбаттатып сатуу менен пайда тапкысы келгендер дүрбөлөң салууда» - деп кошумчалады Өкмөт башчы.


Премьер-министр мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты. 


Өкмөт башчы Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндө ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн