Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мухтар Атаналиев: “Жетимдерди ким жетелейт?”

09.10.2023 09:36
1582
Мухтар Атаналиев: “Жетимдерди ким жетелейт?”


Бишкектеги кинотеатрларда “Брат” тасмасы көрсөтүлүп жатат. Жетим балдардын оор тагдыры, окууну бүткөндөн кийин канчалаган жаштардын көчөдө калып жатышканы, аларга коомдун таасири жана башкалар туурасында тасманын продюсери, белгилүү кинорежиссер, обончу жана аткаруучу менен ат жалында маек курдук. 


- Мухтар мырза, эрте жазда Фейсбук аркылуу “кандай тасма тартууну сунуштайсыздар?” деп элге кайрылдыңыз эле. Ошондо бир топ сунуштар түшкөн. Сиз жетимдер тууралуу теманы тандап алдыңыз, эмне үчүн? Буга чейин да жетим балдардан кабар алып келгенсиз, деги эле бул коомдогу абдан олуттуу маселенин чечилишин эмнеден көрөсүз? 


- Бул теманы тандап алган себебим, биз балдар үйүнөн чыккан адамдар менен байланышып, иштешип калгандыктан болду. Экинчиден, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын 2019-жылы лагерибизде эс алдырып, кийин да конкурстарга катыштырганбыз. Ошондуктан алардын жашоосун жакындан билем жана ал көйгөйлөрдүн чечилишин чын жүрөктөн каалайм. Мыйзамдар кабыл алынып, балдар үйүнөн чыккандан кийинки жашоосуна, иштеп кетишине, коомго аралашуусуна шарт түзүүгө көмөкчү болсок деген эле асыл ойлор менен тасманы жараттык.          

                             

- “Жетимдер спортко барышат же кримдүйнөгө аралашканга мажбур болушат” деген пикир бар. Канткенде ошол балдарды жарыкка жетелей алабыз? Сиз “Жаакер” аркылуу келечек ээлерине улуттук маанайда тарбия берип, мекенчил болууга багыт көрсөтүп келе жатасыз. “Жаакер” жетим балдар менен да иштешип жатабы?


- Ооба, албетте! “Жаакер” этнолагерине жетим, майып балдарды алып барып, улуттук оюндарды, салт-санаа, Манас таануу, ат минүү, ат жабдыктарын үйрөнүү ж.б. аркылуу балдарга улуттук дем менен туура багыт бергенге аракет кылып келебиз. Жалпысынан балдар үйүнөн 60 баланы өз камкордугубузга алып, улуттук баалуулуктар менен тааныштырганга аракет кылдык. Буюрса мындан ары да иштешебиз.


- Тасманын режиссеру, чыгармачыл топ тууралуу айта кетсеңиз? Колдоочу болуп берген “Альянс мебель” ишканасына эмне дейсиз? Тасма сунуш кылынды, кандай кемчиликтерин сезип жатасыз? Же “дагы бир нерселерди кошсом болот эле” деген сезим болдубу? 


- Чыгармачыл топ дээрлик жаштар. Болгондо да режиссерубуз 20 гана жашта, бул тасма анын алгачкы дебюту. Тилек Мусаев менин жанымда алты жылдан бери жүрүп такшалды. Оператор да, монтаж, графика, композитор баары жаштар. “Альянс мебелдин” жетекчиси Талант Бегматовго рахмат, дайыма чыгармачыл инсандарды колдоп келет. Тасманын маани-маңызын угуп, өзү эле жардамын сунуштады. Албетте, жетимдер тууралуу тарта берсек, айта берсек учу узун. Коомчулук дагы, жетекчилерибиз да бул маселени бир жагына – жакшы өңүтүнө чечип беришсе (!) деген гана тилек айтышат. Ошол жетимдер кыргыздын келечеги, кыргыздын балдары. Алар тагдыры ошондой болуп калганына күнөөлүү эмес.


Буюрса алдыда дагы чоң, тарыхый тасма тартууга даярданып жатабыз. Чыгармачыл топ дагы, колдоочулар да даяр, болгону башташ керек.


- Тасма сунушталгандан кийин жогору жактан көрүп, пикир айткандар болдубу? Чыгармачыл кесиптештер эмне деп жатышат? 


- Айрым эл өкүлдөрү кабардар болушту. Сунуштарды айтып эле келе жатабыз, “колдоого алып, балдарга жеткиргенге жардам беребиз” деп жатышат. Буюрса жетимдердин көйгөйүн чогуу чечебиз деген ойлор бар. Ал күн алыс эмес деп ишенгибиз келет. 


- Рахмат! Алдыда дагы мааниси жүк көтөргөн тасмаларды жарата бериңиздер!


Жийде Асанбек кызы 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн