Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурда соттолгон. "Панфилов" паркында телефон уурдаган аялдар кармалды

27.08.2021 09:09
702
Мурда соттолгон. "Панфилов" паркында телефон уурдаган аялдар кармалды

Бишкектеги "Панфилов" паркында уюлдук телефон уурдоого шектүү аялдар кармалды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Окуя видеокөзөмөл камераларына тартылып, кийинчерээк социалдык тармактарда тараган. Ошондой эле 22-августта жабырлануучу милицияга кайрылган.


Бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча КЖБРГе катталган.


Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кармалгандар мурда ушундай кылмыштарды жасашкан жана бир нече жолу соттолгону белгилүү болду.


Милиция кылмыштын үчүнчү катышуучусун издеп жатат.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн