Теке 22, 2025
Убакыт: 04:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Мурдагы депутат Орозайым Нарматова эки айга камалды

29.10.2022 15:27
656
Мурдагы депутат Орозайым Нарматова эки айга камалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту бүгүн, 29-октябрда чыгарды.


Адвокаттары анын кармалышы мыйзамсыз жана негизсиз деп таанууну суранышкан. Бирок, сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.


Эске салсак, Орозайым Нарматова 27-октябрда Москвада кармалганы кабарланган. Кечээ, 28-октябрда Бишкеке алынып келингенин жакындары билдиришкен.


Орозайым Нарматова «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөсү болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн