Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурдагы министр Кудайберген Базарбаев жаңы кызматка дайындалды

14.09.2023 16:07
327
Мурдагы министр Кудайберген Базарбаев жаңы кызматка дайындалды

Кудайберген Базарбаев министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Базарбаевди мамагенттиктин жалпы жамаатына президенттин администрациясынын президенттин чемимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Белгилей кетсек, Кудайберген Базарбаев буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн