Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сариев Кумтөр иши боюнча кармалган.
"Темир Сариев экономика министри жана ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Кумтөр кенин иштетүүдөн экологияга келтирилген зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго төмөндөткөнү аныкталган, анын натыйжасында мамлекет ири зыян тарткан",- деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн