Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:28
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Мурдагы жаратылыш министри Кутманова уулу менен 8 жылга соттолду

06.02.2025 15:21
212
Мурдагы жаратылыш министри Кутманова уулу менен 8 жылга соттолду


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга кесилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.


Маалыматка караганда, Кутманова "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал эми анын баласы алдамчылык боюнча соттолду. Кутманова үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.


Мурдагы аткаминер ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган. "Кумтөр" экологиялык долбоорлорго дээрлик 1 миллиард сом бөлүп, бул акчаны Кутманова өлкөдөн чыгарып кеткенин УКМК кабарлаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн