Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:54
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мушташка катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат

27.03.2023 11:33
353
Мушташка катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өз каалоосу менен мандатын тапшырат. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.


Анын айтымында, ал мушташуудан кийин мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр.


"Урматтуу кыргызстандыктар! 

Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. 

Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.


Ушуга байланыштуу, мен, *окуяны талдап, терең ой жүгүртүп,* өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.


Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле.


Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.


Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын",- деп айтылат Абировдун кайрылуусунда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн