НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешине кайрадан өтө турган жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн партиянын жыйынынан кийин белгилүү болду.
Партиянын билдиримине таянсак, бул партиянын акыркы чечими.
"Биз бул чечимди көп талкуудан кийин кабыл алдык. Биздин чечим өзгөрбөйт. Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоонун аралыгы кыска. Партия кыска аралыкта парламенттик шайлоого басым жасоого аракет кылат.
Бизди колдоп, ишеним көрсөткөн бардык шайлоочуларыбызга ыраазычылык билдиребиз",- деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн