Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нарын шаарынын тургуну түшүндүрүү иштеринен кийин диний экстремисттик уюмдан баш тартты

08.12.2022 09:58
239
Нарын шаарынын тургуну түшүндүрүү иштеринен кийин диний экстремисттик уюмдан баш тартты

Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” диний экстремистик агымдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар Нарын облусунун Нарын шаарынын тургуну А.Н.М. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кармалган жаран жогорудагы тыюу салынган агымдын идеяларын активдүү жайылтып жүргөн.


2022-жылдын 5-декабрында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам иш-чаралар көрүлүп, облустук дин кызматкерлери менен биргеликте А.Н.М. карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, ал тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты.


КР УКМК тарабынан экстремисттик көз караштардын алдын алуу жана “Йакын-Инкар” диний экстремистик агымдын мүчөлүгүнөн чыгарууга багытталган иштер улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн