Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:39
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Нарын жана Кара-Суу дарыяларына түшүп кеткен адамдарды издөө иши уланат

16.06.2020 09:44
1586
Нарын жана Кара-Суу дарыяларына түшүп кеткен адамдарды издөө иши уланат

 

Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы жигитти жана Кара-Суу дарыясына аккан эркек адамды издөө иштери улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Аксы районунун  Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында 14-июнь күнү Нарын дарыясына 17 жаштагы эркек бала түшүп кеткен. Аны издөөгө 15 куткаруучу тартылган.


Ошондой эле, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына эркек адам (аты жөнү такталууда) түшүп кеткен. Аны издөөгө
куткаруучулар жана ИИМден 6 кызматкер тартылган. 


Бүгүн, 16-июнда экөөнү тең издөө иштери улантылары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн