Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нарында медиктерге кошумча төлөмдөр аз берилген деген маалымат калп, - облустук оорукана

01.08.2020 17:50
668
Нарында медиктерге кошумча төлөмдөр аз берилген деген маалымат калп, - облустук оорукана


Социалдык тармактарда жарыяланган "Нарында медиктер төлөмдөргө нааразы. Аларга айтылгандан аз төлөнгөн" деген маалымат боюнча Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков комментарий берди.

Июль айы толук жыйынтыктала элек болгондуктан, Курман айт майрамына карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт”, - деп маалымдады оорукана жетекчиси.

Буга чейин Нарын облусунун саламаттыкты сактоо мекемелериндеги коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды аныктоо жана аларды дарылоо иш-чараларына катышкан медицина кызматкерлерине кошумча төлөм акысы үчүн жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөнүп берилгендиги, анын ичинен июль айы үчүн 1546 кызматкерге 20 миллион 19 миң 900 сом которулгандыгы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн