Нарын шаарында бүгүн, 4-мартта 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Нарын шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Майрамбек Өмүрбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Аны "Патриот Ынтымагы" саясий партиясынын өкүлдөрү Майрамбек Джунусов менен Рысбек Жакыпов уюштуруп, шайлоого катышканы жаткан 9 партиянын өкүлдөрү келип, ынтымактуу, биргеликте иштөөгө макулдугун беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн