Бүгүн, 14-мартта Нарын шаарында COVID-19 илдетинин жаңы катталган 15 учурун кимдер жуктурганын Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдетти 1 медицина кызматкери, жаңы
төрөгөн 8 аял жана туугандары менен байланышта болгон 6 адамдан аныкталган. Учурда
бардыгынын абалы канааттандыраарлык.
Ал эми Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө
жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып,
персоналдар алмаштырылган жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлгөн
Ал эми Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык
кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдетин
жуктуруп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн