Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нарында жер көчкү түшүп, жолду тосуп калды

01.09.2021 15:03
2061
Нарында жер көчкү түшүп, жолду тосуп калды

Нарында жер көчкү түшүп, жолду тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


31-августунан 1-сентябрына караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен саат танкы 4:00 чамаларында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү активдешкен.


Натыйжасына унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө. Комиссиянын курамында ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери да бар.


Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш айылына кетүүчү унаа жолунун 3-4 чакырымына катуу жааган жаандын кесепетинен жер көчкүсү активдешип унаа жолдун 100 метр аралыгын тосуп 2500 м3 кум шагыл түшүп калган.Учурда Жумгал Суу курулуш көмүр казуучу ишканасынын 1 эксковатору, 2 Хово,1 бульдозери жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда. Жол каттамы бир тараптуу ачылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн