Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:06
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Нарындагы скверге чек арада курман болгон жоокердин ысымы ыйгарылды

13.07.2023 16:00
623
Нарындагы скверге чек арада курман болгон жоокердин ысымы ыйгарылды


2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон "Бөрү" атайын чек ара кызматынын кызматкери Нурсултан Жаныбековдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жоокердин ысымы коюлган Мазар булак аймагындагы сквердин айланасын туугандары жарыктандырып берет.

Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугушуп, 50 миң сом тапшырган.

Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.

"Демөөрчү Таалайбек Осонов менен жолугушкан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгилеп, ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган паркты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөшүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн