Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нарындан Бишкекке маршруттук такси менен баңгизат алып келе жаткан жаран кармалды

31.01.2022 17:34
1297
Нарындан Бишкекке маршруттук такси менен баңгизат алып келе жаткан жаран кармалды



ИИМдин БМЖКККнын башкармалыгынын, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташып, кылмышка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ыкчам маалыматты тактоо учурунда 20-январь күнү саат 20:30 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолундагы “ГЭС-5” айланма жолдон Жумгал районунун Чаек айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобус токтотулган. 


Бул автобусту кинологдун жардамы менен тинтүү учурунда багажынан желим бөтөлкөлөр салынган коробка табылган. Бул коробкада кочкул-жашыл түстөгү марихуанадай кескин жыты бар болжол менен 3 кг 485 граммды түзгөн зат салынган 5 литрдик желим бөтөлкөдөн 2 даана жана 2 литрдик желим бөтөлкөдөн 1 даанасы табылган. Ошондой эле, сары түстөгү баштыкта 58 даана ширеңке кутучалары түрүндө жасалган гашиштей кескин жыты бар, болжолдуу салмагы 787 граммды түзгөн ачык күрөң түстөгү катуу зат бар болгон. 


Жогорудагы табылып алынган баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип автобустун жүргүнчүсү кармалды. Ал Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган К.Ж болуп чыкты. Кармалган жаран мурда каракчылык боюнча соттолгон.


Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн