Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 02:53
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Наталья Никитенко парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууга чакырды

09.07.2020 10:22
1222
Наталья Никитенко парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууга чакырды


 

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу чакырыгы менен бийликке кайрылды.

 

Эл өкүлү өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, бүгүнкү күндө бардык күчтү шайлоого эмес, пандемия жана элдин өмүрүн сактап калууга жумшоо зарыл.

 

Пандемия күчөп, өлгөн адамдарды көмүүгө жетишпей жатканда, саламаттыкты сактоо системасы түз мааниде айтканда, тумчугуп жатканда, мединикалык жабдууларды алууга, дарыгерлерди камсыздоого тезинен каражат табуу керек болуп турганда шайлоону өткөрүүгө миллиондордун салынып жатканы, үгүт иштерин жүргүзүүгө мүмкүн экени тууралуу маалыматтардын жүрүп жатканы – эң уят”, - дейт Никитенко.

 

Ал кошумчалагандай, азыр эл ишенимине кирген жоопкерчиликтүү өкмөт керек болуп турат. Алардын негизги максаты – шайлоону өткөрүү эмес, кризистен чыгаруу, элдин өлүмүн токтотуу жана өлкөнү сактап калуу болушу керек.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн