Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Найман суу сактагычына чөгүп кеткен кишини издөө иштеринде натыйжа жок

26.06.2020 09:45
1323
Найман суу сактагычына чөгүп кеткен кишини издөө иштеринде натыйжа жок

 

Ноокат районунда 55 жаштагы кишинин сөөгүн издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 55 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен.

 

Издөө иштерин жүргүзүүгө 25-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 11 куткаруучу тартылып, натыйжа чыккан эмес.

 

Бүгүн, 26-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн