Ош облусунун Ноокат районунда 55 жаштагы кишинин сөөгү суу сактагычтан изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 55 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 24-июнь күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн