Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласына таандык делген учак Кыргызстанга келди. Муну Flightradar24түн маалыматтары тастыктады.
Буга чейин социалдык тармактарда экс-президенттин күйөө баласы Кыргызстанга бет алганын жазып чыккан. Бирок кийинчерээк учак өз багытын өзгөрткөн. Бүгүн болсо ал Бишкекке келип конгон.
Маалыматка караганда, бортто Назарбаевдин башка дагы үй-бүлө мүчөлөрү болушу мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн