Менин атымды жамынып мыйзамсыз иштерге барган ар бир адам жазасын алыш керек. Мындай пикирин Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Анын айтымында, январь окуялары толук иликтенип, кылмышка баргандар жазасын алыш керек.
"Менин атымды жамынып мыйзамсыз иштерге барган ар бир адам өз жазасын алсын. Эгер ал менин жакын адамдарым болсо да",- деди Назарбаев.
Мындан сырткары, Нурсултан Назарбаев Токаевдин саясатын колдой турганын билдирип, референдумга катышарын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн