Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын төрагалыгын азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге тапшырууну чечти.
Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай “Твиттерге” жазды.
Укибаев Назарбаевдин бул чечими “бийлик транзитинин логикалык уландысы” экенин белгиледи. Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясы пандемиядан улам жаралган глобалдык каатчылык шартында Казакстан президентинин башкы тиреги болушу керек экенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн