Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстан менен Тажикстанды Евразия экономикалык биримдигине мүчө болууга чакырды. Бул тууралуу Назарбаев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууда билдирди.
"ЕАЭБ өзүнүн миссиясын ийгиликтүү аткара баштады. Бул уюмга Өзбекстан менен Тажикстан да кошулушу керек. Андан сырткары Түркмөнстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек",- деди Назарбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн