Назарбаевдердин эпохасы бүттү, эми жаңы саясий элита келет. Мындай пикирди саясат тануучу Марат Казакпаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында,
Дарига Назарбаева Сенаттын төрагалыгынан президент Касым-Жомарт Токаевдин
буйругу менен кетип, бул маселе боюнча ар кандай пикирлер чыгып жатат. Бирок чыныгы
себептери ачык айтылган жок. Кандай болсо да өлкө президенти Дарига Назарбаевага
кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
“Назарбаевдердин доору бүттү. Буга Дариганын кызматтан кетүүсү мисал болуп турат. Менин оюмча, ал кандайдыр бир саясий кызматтарга барбайт жана президенттикке да аттанбайт. Бул бир нече себептер менен байланыштуу. Биринчи кезекте казак эли буга жакшы маанайда карашпайт, экинчиден балдары менен пикир келишпестик болот, муну биз батыштын ЖМКлары аркылуу көрүп жатабыз. Ошондуктан кызынын кетүүсү менен алардын үй-бүлөсү бийликтен толугу менен кетти деп эсептесе болот. Ушуну менен саясий аренадагы кызматтарга Назарбаевдердин үй-бүлөсүнөн эч ким келбейт деп ойлойм”, - деди саясат тануучу.
Анын айтуусунда, саясий элитага даярданып жүргөн башка жаңы жүздөр келиши күтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн