Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

“Нелегал” операциясынан кийин 130 кыргызстандык Орусиядан депортацияланды

20.07.2023 10:57
198
“Нелегал” операциясынан кийин 130 кыргызстандык Орусиядан депортацияланды


“Нелегал-2023” комплекстүү алдын алуу операциясынын биринчи этабы аяктагандан кийин Кыргызстандын 130 жараны Россия Федерациясынан депортацияланды. Бул тууралуу журналисттерге КРнын РФдагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков билдирди.


Анын айтымында, өлкөгө келген чет элдиктерди текшерүү негизинен Москва, Москва облусу жана Санкт-Петербург шаарларында болгон.


Буга чейин Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк "Нелегал" операциясынын алкагында 7 миңдей чет элдик мыйзам бузгандар депортацияланганын билдирген. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча 2 миңден ашуун кылмыш иши козголгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн