Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:34
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Непалда 72 жүргүнчүсү бар учак кулады (фото)

16.01.2023 08:30
538
Непалда 72 жүргүнчүсү бар учак кулады (фото)

Непалда 72 жүргүнчү менен Катманду шаарынан Покхар шаарына багыт алган Yeti Airlines компаниясынын  учагы кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары  Katmandu Post порталына таянып кабарлады.


Маалыматка караганда,  ATR 72 жүргүнчү учагы Катмандудан Покхарга учуп бара жаткан.

68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон учак Сети дарыясынын капчыгайына жакын жерге кулап түшкөн.


Непалдын Каски районунун расмий өкүлдөрү издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында 68 кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Непалдын жарандык авиация башкармалыгынан берилген маалыматта жүргүнчүлөрдүн арасында Индия, Россия, Түштүк Корея, Ирландия, Австралия, Аргентина жана Франциянын жарандары да болгон.


Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал коопсуздук күчтөрүн жана жергиликтүү жарандарды издөө-куткаруу операциясын колдоого чакырды.


Дүйшөмбү, 16-январда кырсыкка байланыштуу Непалда улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн